"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Ош облусунун Чоң-Алай районунда жарык күнүнө 8-9 сааттан өчүрүлүп жатат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
"Биздин райондо жарыкты эртең мененки саат 08:00дөн баштап кечки саат 17:00гө чейин, кээде 18:00гө чейин өчүрүп жатышат. Айыл тургундарынын эмне себептен деген суроосуна жергиликтүү электриктер оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу деген жоопту айтышат. Биздин айыл аймагында жыл сайын эле оңдоп-түзөө иштери боло береби?" - деген билдирүүсүн калтырган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.