Мискенбаев: "Биз бир жыл мурун Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деп атын өзгөртүп алганын айтып чыкканбыз"

"Биз "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси бир жул мурун Данияр Үсөновдун атын өзгөртүп алганы боюнча айтып чыгып, тиешелүү жактарга кат жазганбыз", - деп бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган бирикме былтыр 14-декабрда Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

Биз бир жыл мурун эле Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий болуп атын өзгөртүп алганын интернет булактарынан окуганбыз. Анан Башкы прокуратурага, Тышкы иштер министрлигине кат жазганбыз. Бирок алардан "каралып жатат" дегенден башка алгылыктуу жооп келген эмес. Ошондой эле Беларустун президенти Александр Лукашенконун өзүнүн атына да кат жазганбыз. Биздин кайрылуубуз тууралуу көп эле маалымат булактары жазышкан. Керек болсо бизде Жаныш Бакиев дагы атын өзгөртүп алганы тууралуу маалымат бар", - деди Мискенбаев.

Эске салсак, 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
almanbetperm
2018-07-30 10:38:01
Ааа эми
+4
Dalil
2018-07-30 10:41:55
Атамбаевдин пиар менеджери дагы чыктыбы. Бүтүндөй Кыргыз мамлекетин тоотпогон Беларус бийлиги силердин катыңарга жооп берип отурмак беле. Чоңдорубуз жеп сата берип жадакалса кошуналарыбыздын алдында да аброюбуз калбады. Канчалаган ноталарыбыз жоопсуз эле калып жатат. Курулай сөздөн ишке өткүлөчү айланайындар. Сокебиз бийлике келгенде бир аз иш кылгандай болуп бара-бара катарга кошулуп бара жатат.
+7
Nuri1988Elim2010
2018-07-30 10:45:52
Силерге эмне.Озунор аппаксынарда.Баарынар эле бирдейсинерда
-3
bekmirzach
2018-07-30 11:05:26
Мискенбаев ХХХ ХХХ кайрадан акыл үйрөтүүгө киришти.
-1
zzz---zzz
2018-07-30 11:18:55
Мискенбаевдин тергөө иштери жүрүп жатып эле кандайча супер инфого интервью берди.
0
tnt_ostrof
2018-07-30 11:32:33
Эмне болгон коом башталды озу? Мурда улууларыбыз жакшы жетишкендиктер менен эл оозуна илин деп кеп кенешин берип, стимул болушчу. Ал эми азыр элдин назарына тушуш учун же чачты тобого коюп, пакет кийиш керек. Же тур эле тур деп каткырып, же борбордук аянтка чыгып чийки бутун жумуртка жутуп элге жар салуу керек. Алар го мейли. Эми жогорку кызматтагылардын жургону бул болсо. Куру создор менен бапырап...
+5
erlan2196
2018-07-30 11:39:14
Жээнбековдун кошоматчылары отура бергиле оозунардан жакшы соз чыкпай калды. Корунгонду жамандап сатып. Жээнбеков эч нерсе жаарытпайт. АШАнын аркасы менен президент болуп алып, эми сатчысун сатын кетти. Жээнбековду президент катары эсептейбиз.
-2
tram-lam
2018-07-30 13:07:57
erlan2196,Сатып кетпегенде не, АША нын коррупциялык иштерин улантып, Кытайдан дагы 385 миллион карыз алып дагы бир ТЭЦ салып таштаса конулунорго майдай жакмак беле? Мурдунардан алысыраак жакты да коруп, кээде рационалдуу ойлонуп мээни кичине иштетип коюш керек да, болбосо чирип кетет. Чындыкты айтып чыккандарды Жээнбековдун кошоматчыларды деп жатасынар, албетте чындык силерге жакпайт, себеби мамлекеттин эмес, бир айылдын. райондун кызыкчылыгын ойлогон адам окшойсунар
-1
Freemankg
2018-07-30 11:51:43
Кылаарга иши жок неме окшойт бул жигит .
+1
bahabaike
2018-07-30 13:20:20
Мискенбаев ал убакта соттордун, куч органдардын баары Сенин кумирин Ашанын айтканын жасачу да
+2
Aima94
2018-07-30 13:36:31
Ушул эле калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан