Февраль айынан бери 39 миңге жакын балага 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан 30-июлда кабарлашты. Маалым болгондой, буга мамлекеттик бюджеттен 158 миллион 7 миң сом бөлүнгөн.
Министрликтин маалыматына караганда, август айында балага сүйүнчү пул берүү төлөмдөрү боюнча аймактарда атайын мониторинг жүргүзүлүп, бул багыттагы көйгөйлөр аныкталмакчы. Ошондой эле төлөмдөрдүн азыркы жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизмекчи.
Быйылкы жылдын февраль айында министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте бирдиктүү терезенин негизинде жарандардын арыздарын кабыл алуу үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизген. Бул долбоордун алкагында жарандар сүйүнчү пул алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана маалымат күркөлөрүнө кайрылышмак.
Эскерте кетсек, жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирип, февраль айынан баштап бериле баштаган. Сүйүнчү пул алуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат жана өлкө аймагында туруктуу жашаган жарандар гана алууга укуктуу. Андан сырткары ата-энелер сүйүнчү пулду жаңы төрөлгөн ымыркайы 6 айлык болгонго чейин гана ала алышат.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.