Баткенде жоголгон өспүрүмдүн туугандары изделүүдө

29-июнь күнү Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылында 10-12 жаштар чамасындагы өспүрүм жалгыз жүргөн жеринен табылган.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Өспүрүм кечээ болжол менен кечки саат 21:30да табылган. Баланын сүйлөө жөндөмү жок болгондуктан, анын аты-жөнүн тактоо кыйынчылык жаратууда. Буга байланыштуу Баткен ОИИБи баланы тааныган-билгендер болсо, анын туугандарын табууга жардам берүүңүздөрдү суранат", - деп айтылат маалыматта.

Баланын бою 135-140 сантиметр, чачы кара-күрөң түстө.

Байланыш телефондору: 03622 51756, 0776 00 15 05, 0777 07 15 15, 0550 88 01 64.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Topchubai
2018-07-30 14:18:36
Дароо эле дудуктар менен иштеген адисттерди жалдоо керек.
+3
raykray
2018-07-30 14:38:53
Эх байкуш
+4
Aitunuk
2018-07-30 17:41:02
Сурдологдор борбордо жетишсиз, а Баткенде кайдагы сурдолог. Анын үстүнө айыл жергесинде баары эле атайын мектептерде окута бербейт, ошондуктан алар менен туугандары эле сүйлөшпөсө, сурдологдор да сүйлөшө албаса керек.Балдарына карабаган ата-энеге наалат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан