Жумуш учурунда уктап жаткан жеринен видеого тартып алынган кызматкерлердин аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат катчысы билдирди.
"Азыркы тапта социалдык тармактарда тарап жаткан видеодогу кызматкерлердин аты-жөнү такталып жатат. Кызматтык иликтөө жүрүп, аларга тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп билдирди катчы.
Айта кетсек, "Элдик видео" бөлүмүнө "Жумуш учурунда уктаганы аз келгенсип эреже бузган милиция кызматкерлери" аталышындагы видео жүктөлгөн.