"Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Ош облусунун Чоң-Алай районунда жарык күнүнө 8-9 сааттан өчүрүлүп жатат" деген билдирүүсүн окурман жөнөткөн.
Анда окурман оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жарык өчүп жатканын айтып, "жыл сайын эле оңдоп-түзөө иштери боло береби?" деген суроо салган.
Аталган маселе боюнча Чоң-Алай райондук электр тармактарынын жетекчиси Нурлан Умаровго кайрылганыбызда, төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Жыл сайын жайында күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү үчүн райондо электр тармактарын оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүү болуп турат. Бул маалда жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. Оңдоо иштери июль айында башталган. Күн жылуу кезде электр тармактарында болуп калчу ар кандай бузулууларды алдын алып, кыш мезгилине даярдануу жүрөт", - дейт Умаров.
Ошондой эле жетекчи жергиликтүү тургундарды бул маселени түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.