Бишкек ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин июль айында бүтпөй калышына өз учурунда курулуш долбоорунун даяр эместиги себеп болгон. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-июлда "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Курулуш долбоорунун даяр эместигинен улам цехти бүткөрүү иши 1-октябрга жылдырылды.
"Апрель айында химиялык цехти 125 күндүн ичинде колдонууга киргизүү иши паландалган. Бирок долбоордун токтому өз маалында чыгарылбай, белгиленген мөөнөт 1-октябрга жылдырылды. Учурда химиялык цех иш жүзүндө даяр болуп калды. Учурда Мамлекеттик курулуш ишканасынын алдында түзүлгөн топ ишти текшерип жатат. 2 жуманын ичинде корутунду чыгарышат. Андан кийин 40 күндүн ичинде тесттик режимде колдонуп, текшерүүдөн өткөрөбүз", - деп билдиришти компаниядан.
Айта кетсек, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Бишкек ЖЭБине барып, аталган цехтин курулушун 2018-жылдын 1-октябрына аяктоону тапшырган.
"Улуттук энергохолдинг" компаниясынан буга чейин кабарлашкандай, цехти Кытайдын ТВЕА компаниясы 5,5 миллион долларга куруп берүүдө. Аталган сумма ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимдин ичиндеги каражат.
Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.