27-июнда Бишкектеги мейманканалардын биринде ырчы Гүлзада Рыскулованын “Толгонуу” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары болду. Иш-чарага ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана башка мамлекеттик кызматкерлер, шоу бизнес өкүлдөрү катышты. Гүлзаданын талантын баалап келген чет өлкөлүк жарандар да отурушту залда. Ырчы айым Ордо-Сахна фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосунда аталган жыйнакта камтылган чыгармаларын жандуу үн менен аткарып, коноктордун тынымсыз кол чабуусуна арзып жатты. Иш-чаранын соңунда “Толгонуу” ырлар жыйнагынын диски сатылып, аткаруучу конокторуна өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн плакаттарга кол тамгасын коюп берди. "Толгонуу" жыйнагына ырчынын жандуу үн менен аткарган 11 чыгармасы кирди.