Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын Дангара аймагында 29-июль күнү 4 туристтин өмүрүн алган жол кырсыгын "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды. Бул тууралуу экстремисттердин маалыматтык активдүүлүгүнө байкоо жүргүзгөн "SITE Intelligence Group" компаниясы маалымдады.
Эскерте кетсек, 29-июль күнү белгисиз айдоочу 7 адамдан турган туристтердин тобун унаасы менен сүзүп кеткен. 3 турист окуя болгон жерден көз жумса, дагы бирөө ооруканада каза болгон. Калган туристтер жеңил жаракаттарды алышкан. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Окуя болгон жерде тартып алынган видеодо туристтерди сүзгөн унаа кайра бурулуп келип аларды экинчи ирет сүзгөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле кылмышкерлер унаадан түшүп туристтерге карата ок атуучу курал жана бычак колдонгону айтылууда. Мындан улам укук коргоо органдары бул кырсыкты алдын ала уюштурулган кылмыш деп атап, издөө иштерин жарыялаган.
Натыйжада бул кылмышка шектүүлөрдүн бешөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, үчөө камакка алынган. Камакка алынган жарандар 18 жаштагы Сафаров Зафаржон, 21 жаштагы Юсуфов Жаъфариддин жана 19 жаштагы Мажидов Асомуддин экени аныкталган.