УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке 20 миллион 400 миң сом төктү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсеп ачылгандан бери 129 миллион 600 сомду түздү.
Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.