Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолунун оңдоо иштерине байланыштуу Манас кең көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.
"Оңдоо иштери 1 айга созулуп 28-августта жыйынтыкталат. Бул учурда унаалар Панфилов көчөсүнүн чыгыш тарабы жана Бакаев (Чапаев) көчөсүнүн батыш тарабы менен жүрө алышат. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматына келгендер үчүн Горький көчөсүнөн кирүүгө болот", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле 2-августтан тартып Тоголок Молдо көчөсүнүн Баялинов көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Оңдоо иштери 1-октябрга чейин созулат. Унаалар оңдоо иштери бүткөнгө чейин Орозбеков көчөсү менен жүрө алышат.
Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун унаа жолдорунун багытын алдын ала пландап алуусун сунуштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан