Чүйдөгү Скрябин мөңгүсүндө таш кулап каза болгон жарандын денеси жана жабыркаган 6 турист "Манас" аэропортуна жеткирилди

Чүйдөгү Скрябин мөңгүсүнө чыгып баратып таш кулап каза болгон жарандын денеси жана жабыркаган 6 турист "Манас" аэропортуна жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылгандарды куткаруу үчүн Казакстандын тик учагы саат 10:00 чамасында туристтер турган жерге барып конгон.

"Андан кийин жабыркаган алты турист, кырсыктан каза болгон казакстандык жарандын денеси Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортуна жеткирилди", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.

Кырсык кечээ, 30-июлда болгон. Анда Скрябин мөңгүсүнө чыгып бара жаткан 7 туристке таш кулап кеткендиги маалымдалган. Кырсыктан 1 туристтин көз жумганы жазылган.

Аламүдүндө мөңгүдөн таш кулап, 1 Казак жараны каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан