Бүгүн, 31-июль күнү саат 14:00дө Бишкек мэрлигине талапкер тил сынагынан өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тил сынагын тапшырган талапкер 2 шартты аткарууга тийиш. Биринчиси, өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуп берет. Экинчиси билет түрүндө жашырылган конверттеги чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берет.
Айта кетсек, учурда Бишкек мэрлигине талапкер катары шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Азиз Суракматов гана арызын тапшырган.