"Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына окурман Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында медициналык колледжди эле аяктаган аял "адамдын ичегисиндеги курттарды түшүрөм" деп үй шартында клизма жолу менен дарылайт" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
"Анда окурман дарыгерге кайрылган адамдардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет. Тазалык да сакталган эмес", - деген суроо салган.
Аталган маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бул маселе боюнча Баткен облустук Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору аталган жерге барган. Бирок ал убакта дарыгер аял өз жумуштары менен Бишкек шаарына кеткени аныкталган. Эми ал келген соң биздин кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Биздин ишмердүүлүгүбүздө болгону ушул гана каралган. Арыздардын түшкөнү же түшпөгөнү боюнча укук коргоо органдары жооп берет", - деди басма сөз катчы.
Ал эми Баткен ОИИБине буга чейин бул аялдын үстүнөн доо арыз түшкөн эмес, анын ишмердүүлүгүн прокуратура карайт деген маалыматын берди.