Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тил сынагынан ийгиликтүү өттү.
Тил сынагын алган комиссия мүчөлөрү Суракматовго "мамлекеттик тилди билет" деп баа беришти.
Маалыматка ылайык, тил сынагын тапшырган талапкер 2 шартты аткарууга тийиш. Биринчиси, өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуп берүү. Экинчиси, билет түрүндө жашырылган конверттеги чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берүү.
Бул ирет мэрликке талапкер болгон Азиз Суракматовдун тил сынагында кетирген орчундуу каталарын тизмектеп чыктык.
Өз программасын кагазга түшүргөндө кетирилген грамматикалык каталар: (программасын 2 баракка жазды)
1. "Транспорт маселеси боюнча" дегенди "транспорт маселе боюнча" деп жазды (комиссия бул катаны белгиледи);
2. "46 миң бак-дарак жана 15 миң бадал отургузууга аракет кылабыз" дегенди "46 миң бак-дарактарды жана 15 миң бадалдарды орургуруш аракет кылабыз" деп жазды (комиссия болсо "46 миң бак-дарактарды жана 15 миң бадалдарды орургуруш үчүн аракет кылабыз" деп туура эмес оңдоо киргизди);
3. "Шаардын" дегенди "шардын" деп жазды (комиссия муну билинер-билинбес кылып оңдоп койгон);
4. "Ал системалар коопсуздук алып келет" дегенди "Ал системалар коопзус алып келет" деп жазды (комиссия бул катаны белгилеген эмес);
5. "Бишкек шаарынын эски таштанды полигонун жаап, жаңы эл аралык жакшы, жаңы таштанды полигонун ачуу" дегенди "Бишкек шаардын эскиз таштан полигонду жаап, жаңы эль аралы жакшы жаңы таштан полигон ачуу" деп жазды (комиссия белгилеген эмес);
Андан сырткары оозеки сүйлөп жатып "экономдойбуз, үнөмдөйбүз" дегенди "экономика кылабыз" деп туура эмес айтып кетти. "Жол чырак" деген сөздү болсо "шам" деп сүйлөдү.