Португалиянын Лиссабон шаарында физика боюнча 49-эл аралык олимпиада болуп өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 5 окуучу катышып, 2 коло медаль тагынып кайтышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Аталган сынак 21-июлдан 29-июлга чейин Португалиянын Лиссабон шаарында болуп өттү. Ага Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын Кыргыз-Түрк лицейинин окуучусу Азамат Мырзабеков жана Бишкек шаарындагы "Силк роуд" мектебинин окуучусу Нурдөөлөт Өмүралиев, Бишкек шаарынын №61-мектебинин окуучусу Ырыскелди Анарбеков, Бишкек шаарындагы "Силк роуд" мектебинен Артур Садиков жана Талас облусундагы Кыргыз-Түрк лицейинин окуучусу Азамат Абыкеев катышкан. Жыйынтыгында Азамат Мырзабеков жана Нурдөөлөт Анарбеков коло медалдарга ээ болгон", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, физика боюнча 49-эл аралык олимпиадага 87 мамлекеттен окуучулар катышкан.