Азиз Суракматов: "Елизавета" курулуш компаниясынын кийинки иштери кандай боло турганы шайлоодон кийин билинет"

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов коомчулукта мыйзамсыз курулуштарды куруп келет делген "Елизавета" курулуш компаниясына тиешеси бар экенин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 31-июлда тил сынагын тапшыргандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу үчүн башкы пландын алкагында гана иштерди алып барабыз. Ал эми мага таандык делген курулуш компанияларындагы маселе боюнча шаардык кеңештин жыйынынан кийин айтам. "Елизавета" курулуш компаниясына тийиштигим бар. Курулуш компанияны менин атам негиздеген. Алар курулуш тармагында 50 жылдан ашык убакыт жакын иштеген. Менин ал компанияда иштебей калганыма 3 жылдан ашты. Ал жакта өзүнүн жетекчиси бар. Ал компанияда иштегендер бүгүнкү күндө 270тен ашык батирлерди курушту, 70ке жакын батирлер сатылды. Компаниянын насыясы бар, аны төлөш керек, ал насыя ошол сатылган батирлерден түшкөн каражаттан төлөнөт. Компаниянын кийинки иши кандай боло тургандыгы шайлоодон кийин билинет. Бүгүнкү күндө компаниянын карызы бар, канча көлөмдө экенин так билбейт экенмин", - деди Суракматов.

Айта кетсек, бүгүн, 31-июлда Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов тил сынагын тапшырып, комиссиянын чечими менен сынактан өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2018-07-31 21:01:53
Мэр болуп калсаң тез эле карызыңды төлөп аласын.
0
aza84
2018-08-01 01:40:14
Уят
0
okumushtuu
2018-08-01 13:42:37
мэр болсон карыз эрунда болуп калат наоборот сага карыздар кобойот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан