"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2-филиалынын дарыгери жумушка иш тартиби боюнча келбейт" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Бул маселе боюнча Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2-филиалынын башкы дарыгери Карамат Жусуповага кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Биздин борбордогу үй-бүлөлүк дарыгер Динара Өзгөнова ишке өз убагында келет. Болгону ошол күнү эртең менен дарыгердин аймагына караган келиндин баласынын дене табы көтөрүлүп, дарыгерди чакырган экен. Динара Өзгөнова ошол жакка кеткен. Ал эми анын ордунда башка дарыгер бейтаптарды кабыл алып жаткан. Сүрөттө кезек күтүп отурган бейтаптардын бардыгы үй-бүлөлүк дарыгерге келген эмес. Алардын арасында терапевтке, ийне сайдырууга келгендери болгон. Динара Өзгөновага "жарым сааттан бери кечигип жатат" деген кабарды жиберген адам өзү келген окшойт. Мен ал күнү борбордо өткөн жыйынга кеткем. Жетекчиликке же кабылдамага арызданып деле эч ким кайрылбаптыр", - дейт Жусупова.