"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Тамчыдагы тротуарлар качан курулары белгисиз"

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Өмүргө коркунуч туудурган жол" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Аталган видео Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында тартылган. Анда жергиликтүү жашоочу Света Байтикова унаа жолу салынып жаткан учурда жолдун четиндеги бак-дарактар кыйылып, жөө адамдар баскан тротуарлар талкаланганын сүрөт, видеого тартып алып социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Интернет колдонуучу азыркы тапта адамдар унаа өткөн жол менен басып жатканын, унаа кыймылы көп болгон жолдо басуу адамдардын өмүрүнө кооптуу экенин кошумчалаган.

Аталган маселе боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

"Тамчы айылындагы жана башка айылдардагы жол четиндеги тротуарларды куруу долбоору бекитилген. Бирок, тилекке каршы, аталган троутуарларды куруу үчүн эмес, негизги жолду да куруп бүтүрүүгө каражат жетишсиз болууда. Ошондуктан ал тротуарлар качан курулуп бүтөрү тууралуу так маалымат айтуу мүмкүн эмес. Акча каражаты табылса эле башталган иштер аягына толугу менен чыгарылмак", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2018-07-31 22:40:37
Бөлүнгөн акчаны ошол жолдон да жеп коюшкан болсо керек.анан жетпей калды деп отурушат
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-31 22:56:07
Көчмөндөр ойунуна каражат табылатда ушундайга келгенде каражат тыбылбай калабы?!Каражат табылсада өзубуз жеп алабыз деп эле койбоптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан