Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык объектилердин, жолдордун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкө президенти тарабынан быйылкы жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоонун алкагында өкмөттүн алдыңкы милдеттеринин бири – жер-жерлерде калктын жашоосун жана бүтүндөй аймактардын бакубатчылыгын жакшыртуу болуп саналат.
"Өкмөттүн алдыңкы милдеттеринин бири – аймактарды социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо болуп саналат. Мындан тышкары Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган объектилерди курууда курулуш ченемдерин жана эрежелерин аткаруу боюнча талаптарды көзөмөлдөө аркылуу иштин сапатына өзгөчө басым жасоо зарыл", – деди өкмөт башчы.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, ушул жылдын аягына чейин 104 социалдык-маданий объектинин курулушу бүткөрүлөт. Өткөн жылы 2018-жылга караганда пайдаланууга болгону 97 объект берилген.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов айткандай, 2018-жылы министрликке "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 1 миллион 985 миң сом каралган. "Анын ичинде Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушуна 935 миллион сом каралган. Быйылкы жылдын этегине чейин мекемелердин бюджеттик каражаттарынан жана капиталдык салымдардан жолдун 265-чакырымында асфальт бетон төшөлөт. Ушул жылдын сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата бардык белгиленген иштерди аяктоо үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Мындан тышкары бүгүнкү күнү республика боюнча пландаштырылган 14 көпүрөнүн ичинен алтоонун курулушу аяктап, калгандарында куруу иштери жүрүүдө. Графиктен калуулар жок", - деди Калилов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каржы министри Адылбек Касымалиевге 2018-жылы киргизилген объекттерди өз убагында каржылоону тапшырды.