Орусияда өрттөн каза болгон кыргыз келиндин кайниси да каза болду

Орусиянын Киров районундагы Шлиссельбург шаарында кыргыз келин өрттөнүп каза болуп, павильондун ичинен маркумдун кайниси да оор жаракат алган абалда табылган. Бүгүн, 1-августта каза болгон келиндин күйөөсүнүн досу Кубан Карыпов SUPER.KG порталына маркумдун кайниси да алган жаракатынан улам каза болуп калганын билдирди.

"Маркум аяшыбыздын кайниси да окуядан бир жума өткөн соң каза болгон", - деди ал.

Эске салсак, 23-июндан 24-июнга караган түнү Орусиянын Киров районундагы Шлиссельбург шаарында кыргыз келин өрттөнүп каза болгон. Ошондой эле өрттөнгөн павильондун ичинен маркумдун кайниси оор жаракат алган абалда табылган. Ал дарыгерлерге: "Алар кирип келип эле бизге бензин куюп, андан кийин өрттөп жиберишти", - деп айткан. Бул кылмышка өрттөнүп каза болгон кыргыз келиндин күйөөсү шектелүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2018-08-01 08:54:42
Жон эле ортонбоптурда
+2
altyn7776
2018-08-01 18:51:19
Андан бери бир айдан ашык убакыт отту, ал эми кайниси олгонго да бир ай болуп калыптыр.. Жанылыкты эртерээк чыгаруу керек эле. Куйоосу качанга чейин шектелет? Бир ай отту...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан