ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты - ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жана ички транзит боюнча ташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.

Макулдашууга ылайык, Евразия экономикалык комиссия менен мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат кагаздары бирдей форма түрүндө иштелип чыгып жана бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2018-08-01 09:44:32
Ошондо Россиядан курал алып келсе мүмкүн дегениби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан