Орусияда Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда чыккан жаңжал учурунда каза болгон жигиттин сөөгү Кыргыз жерине жөнөтүлдү

Орусиянын Люберцы шаарында Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда чыккан жаңжал учурунда каза болгон жигиттин сөөгү Кыргыз жерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыздын Москвадагы элчилигинин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү мекенине 31-июлда жөнөтүлгөн. Уруксат кагаздары, каражат жагынан Орусиядагы Кыргыз жарандары, өкүлчүлүк көмөк көрсөтүшкөн.

Буга чейин Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда чыккан жаңжал учурунда бир Кыргыз жараны каза болгонун элчилик тастыктаган. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын өлүмүнө мушташ учурунда бийиктиктен кулап кеткендиги себеп болгондугу жазылган.

Буга байланыштуу Кузьминск райондук тергөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуяга тиешеси бар делип Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө. Мушташ 28-июлда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur72
2018-08-01 13:10:33
Жаткан жери жайлуу болсун ата-энесине сабыр
+3
Attila88
2018-08-01 16:17:16
ХХХ ХХХ кыргыз паспорту мн россияда кенири журот.бул ХХХ ХХХХ дагы бир жолу далилднди
+1
admin_media
2018-08-02 10:11:44
Attila88, этика нормаларына дал келбеген билдирүүлөрдү калытрууга тыюу салынган. Порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз!
0
Attila88
2018-08-01 16:18:33
биздин атка минерлер ХХХ паспорт сата бергиде ХХХ
0
erkeleim
2018-08-02 07:59:39
Ата энесине сабр. Мекендештин ордун бейиштен берген болсун.ХХХ ХХХ
0
admin_media
2018-08-02 10:14:01
erkeleim,Attila88,Sharipa-asia,улуттук жана аймактык бөлүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө жол берилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан