Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 13 жана 11 жаштагы балдар Ысык-Көлдөн табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 13 жана 11 жаштагы балдар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Изделип жаткан 13 жаштагы Курманбек Алмазбек уулу жана 11 жаштагы Кутманбек Базарбаев аттуу балдар Чүй облусунда чоң энесинин колунда турушкан. Азыркы учурда алар Ысык-Көл облусунда өз энеси менен жүргөндүгү белгилүү болду. Балдардын апасы уулдарын Ысык-Көлгө алып кетип жаткан учурда чоң энесине кабарлагандыгын билдирсе, чоң энеси аны четке кагууда. Учурда чыныгы жагдай кандай болгондугу аныкталууда. Эң негизгиси, балдар аман-эсен, ден соолугу жакшы. Алар бир нече күн эс алгандан кийин кайтып келишет", - деп билдирди маалымат катчы.

Буга чейин 13 жана 11 жаштагы балдар 30-июль күнү саат 16:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shaa-82
2018-08-01 12:31:27
Жакшы табылыптыр. Тентектер, десе ата-энени кыйнагандан башкага жарабайт экенчинерда. Ата-энелер балдарынарды козомолсуз калтырбагылачы.
+2
momun74
2018-08-01 13:08:41
Shaa-82,Ошода ойногону чыгып кеткен деп кенебей отуруп кеч киргенде таппай калышат
+1
aibars
2018-08-01 13:48:45
Shaa-82, Балдар оз апасы менен кеткен экенго? Чон энесине балдарды колго алып кетип жатам дегенин, чон энеси укпай калса керек, ошону четке кагып жаткан экен.
+5
islan_85
2018-08-01 13:25:16
Табылганы жакшы
+3
AKCAHAT
2018-08-01 13:40:20
Туруштары озгочо го)))
+3
aibars
2018-08-01 13:51:06
Жакшылап окусанар биринчи. Балдарды оздорунун апасы колго алып кеткен, кайын энесине айтып ( балдардын чон апасына ) чон эне аны укпай калган дагы ызы чуу чыккан балдар жоголуп кетти деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан