4 жыл мурун кыргыз эли кайталангыс талант Токон Эшбаевден айрылган. Ырчы, обончу, композитор узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 2-августта көз жумган. Ал 64 жашта эле. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн айылында 3-август күнү жерге берилген. 2015-жылы 1-августта Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылына обончу жана аткаруучу Токон Эшбаевдин эстелиги тургузулган.Токон Эшбаев 1950-жылы 21-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Студент кезинде "Ай, эжеке" деген ыры менен таанылган.
1992-жылы Эмгек сиңирген артист наамына, 2011-жылы Эл артисти деген наамга татыган. Токон Эшбаевдин "Жаштык", "Кызыл желек", "Ай, эжеке", "Атама", "Актилек", "Чаткалым", "Ак көйнөкчөн аппак кыз" өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.
2-августтун жылнаамасы.