Президенттик аппараттын алдында балдар үйлөрү системин жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү

Балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эксперттик жумушчу топ интернат мекемелерин оптималдаштыруу, балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү боюнча кырдаалды иликтеп чыгып жана анын натыйжасы боюнча тиешелүү сунуштарды 1-октябрга чейинки мөөнөттө президенттин кароосуна киргизүүсү тапшырылды.

Эксперттик жумушчу топтун курамы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын камсыз кылуу ишин активдүү жүргүзгөн, үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп кызматтарын түзүп жардам кылган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда "Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселелерин көтөргөн.

Мамлекет башчысы 27-июлда Назгүл Турдубекованы балдар үйлөрүнүн системин реформалоо тууралуу маселелерди терең талдоо максатында кабыл алган. Жолугушуунун жыйынтыгында президенттик аппараттын алдында балдар үйлөрү жана интернат тибиндеги балдар мекемелери системин реформалоо боюнча жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан