Социалдык тармакта "13 жаштагы баланы троллейбустун айдоочусу сабап салган" деген маалымат кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар айдоочунун жоругун сынга алып туура эмес десе, айрымдары өспүрүм балдар айдоочунун кыжырын кайнаткан учурлар көп болорун айтып, эки жээкке бөлүнүүдө. Бул окуя боюнча алгач баланын апасына байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Окуя 31-июль күнү болгон. Уулум Илгиз ооруканага баруу үчүн үйдөн саат 14:10дор чамасында чыгып кеткен. Ал Москва-Калык Акиев көчөлөрүнүн кеслишиндеги аялдамадан №8-троллейбуска отурат. Бирок акчасын унутуп койгонун эстегенде троллейбус жүрүп кеткен. Илгиз айдоочуга акчасын үйгө унутуп калганын айтып, кийинки аялдамадан түшүп баратканда айдоочу анын аркасынан барып ур-токмокко алып, оозго алгыс сөздөрдү айткан. Илгизди аябай күч менен түрткүлөп ургандыктан балам мекеменин тосмосуна көкүрөгү менен кептелип калган. Балам ары-бери өткөндөрдөн жардам сураганда жолдун аркы четинен өтүп бара жаткан адам жардамга келген. Аны көргөн айдоочу акырын басып кетиптир. Окуянын күбөсү дарыгер экен. Ал уулумдун катуу чочуп калганын, денесинен жаракат алганын айтты. Ал эми окуянын күбөлөрүнүн бири ырчы Ома уулума "такси менен үйүңө жетип ал" деп акча бериптир. Бул окуядан кийин биз Ленин РИИБине арыз менен кайрылдык. Соттук-медициналык экспертиза дагы дайындадык. Айдоочу бизден кечирим сурагандын ордуна "уулуңар троллейбустан түшүп баартып чалынып, жыгылып кеткен, мен жардам берейин деп аркасынан түшкөм" деп жатат", - дейт Илгиздин апасы.
Ал эми Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков айдоочу убактылуу жумуштан алынганын билдирди.
"Биринчиден, 13 жаштагы баланы коомдук транспорттун айдоочусу сабаган эмес. Троллейбус аялдамага токтогондо бала арткы эшиктердин биринен чыгып кетиптир. Ошондо айдоочу "мындай кылбай жүр, акчаң жок экенин айтсаң түшүнөм" деп айтуу үчүн аркасынан түшкөндө бала коркуп кетип качканга аракет кылыптыр. Чуркап баратып жыгылып кеткен. Экинчиден, №8-троллейбустун айдоочусу тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу жумуштан бошотулду. Эгерде тергөө иштери айдоочунун баланы сабаганын аныктап берсе, ага карата тиешелүү чара колдонобуз", - дейт Өмүрзаков.