Жалал-Абаддан Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 246 баш кой-эчки ээсине кайтарылып берилди

Жалал-Абаддан Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 246 баш кой-эчки ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу 1-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 31-июль күнү саат 9:30да Ала-Бука районундагы Совет-Сай айылынын эки тургуну кыргыз чек арачыларына кайрылып, Кара-Тоо аймагында жайылып жүргөн 246 баш кой-эчки Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин билдиришкен. Кыргыз чек арачылары ошол эле учурда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүп, кой-эчкилерди ээсине кайтарып беришкен.

Ал эми малын жакшы карабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, эки Кыргыз жаранына айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurbollot
2018-08-01 17:20:44
Ай кыргызым эй чек араны зым менен тосуп койсонор кой өтбөйт эле дагы айып пул салып койот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан