Түркиядагы этникалык кыргыздар бир аймакка отурукташуу үчүн Йозгат шаарына көчүп башташты

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздар үчүн Йозгат шаарында атайын курулуп жаткан шаарчанын биринчи этабы бүтүп, алгачкы жашоочулар көчүп келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган шаарчага жаңыдан көчүп келген этникалык кыргыздардын бири - Мошал Гүвен билдирди.

"Акыркы жылдары окуу, жумуш табуу үчүн жана Улуу Памирдеги жер тартыштыгынан улам айыл тургундары чоң шаарларга көчүп кеткен учурлар көп каттала баштаган. Мындан улам бул жактагы жалпы жашоочулар чогулуп, өз тилибизди, маданиятыбызды жоготуп албайлы деп чоң шаарларга жакын жайгашкан, кененирээк жерге көчүп баруу демилгесин көтөрүп чыкканбыз. Бул демилгебизди Анкарага жакын жайгашкан Йозгат шаарынын башчысы Ялчын Карадавут колдоп, бизге ал жетектеген шаарга көчүп келүү сунушун киргизди. Ошентип вандык кыргыздар биргелешип, ал жакка көчүп баруу чечимине токтолдук. Бизге үй салып берүү үчүн жергиликтүү бийлик курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар 20 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөй турган кылып үй салып беришти. Учурда 60тан ашуун үйдүн курулуш иштери аяктап, тургундар көчүп келе башташты. Бул жакка көчүп келүү тилектерин бир гана вандык кыргыздар эле эмес, Түркиянын башка аймактарына отурукташып калган кыргыздар да билдирүүдө", - дейт Гүвен.

Ал эми Ван шаарынын мурдагы тургуну Атилла атуу кыргыз жигити төмөндөгүлөрдү кошумчалады.

"Вандан бир нече жыл мурда үй-бүлөбүз менен Стамбул шаарына көчүп кеткенбиз. Буга ал жактагы жумушсуздук жана жашоочулардын саны көбөйүп, батпай кеткендиги себеп болгон. Азыр Йозгат шаарына кыргыздар көчүп жатканын угуп ал жактан биз да үй сатып алууну чечтик. Биз жашай турган үйдүн курулуш иши жүрүп жатат. Жакынкы убакта көчүп бара албасак да, келечекте жалпы кыргыздар менен чогуу жашоо максатыбыз бар", - деди.

Түркиянын Ван шаарында учурда жалпысынан 3 миңдей кыргыз жашайт. Миңге жакын кыргыздар башка шаарларга көчүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Adi.Avazbekov
2018-08-01 19:40:03
Соонун уйлорго жакшы болуптур баары бир аймакка чогулушса. Ар дайым ынтымакта жашай берели.
+11
patiydin
2018-08-01 20:10:15
Бизде болсо убада- убада
+7
Komrad
2018-08-01 20:21:46
Кайран элибиз
+2
BekAmir
2018-08-01 21:03:57
Турк туугандар азамат
-1
Jelezo
2018-08-01 21:17:24
Баардыгы эле түрктөргө окшошуп калышыптыр
0
Zidan2
2018-08-01 22:36:39
Jelezo,чын эле
-1
Chagylgan1
2018-08-01 23:37:50
Кайран кыргыздар, жер кезип тентиген.....
0
Romantik.
2018-08-02 00:05:11
Кыргыздар ал жака кандайча барып калышкан, кайсы кылымда? Кайсы доордо дегендей
0
iliayz
2018-08-02 07:36:28
Бизде болсо жакшы шарт жок кайра кетип калышты,озубуз жакта эле жашай туралы дешип.
0
1Adilet1
2018-08-02 19:23:15
Мен да көчүп барсам болобу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан