Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жан дүйнө" долбоорунда.
- Ажырашуу, атасыз өсүү эмне экенин жон терим менен сезип чоңойдум. Атам кызыл эт кезимде таштап кетиптир. Апам башка турмуш курган жок. Канчалык жеңилин жерден, оорун колдон алганым менен, апама бала катары гана ордумду көрсөтө алам. Көрсө, турмушта ар кимдин өз орду бар тура...
Атамды мектепти аяктап жатканымда тааныдым. Кичинемден мээримине бөлөнүп, ата жытын жыттап, акылын угуп чоңойбогон соң салкын мамиледе болуп калат экенсиң. Экөөбүздүн ортобуз жылып, ата-бала сезимибиз жанданып кеткен жок. Жөн гана бейтааныш адамдардай көргөн жерде саламыбыз түз. Эч кимге айтпасам да өзүмө-өзүм "атамдын жолун жолдобойм, анын катасын кайталабайм" дечүмүн. Мектепти аяктаган соң Бишкекке окууга тапшырдым. Апама салмагымды салбайын деп таежемдин чакан ишканасында иштеп, өз арабамды өзүм тартып окуумду аяктадым. Иштеген жерибизге жакын дүкөн бар эле. Бир күнү кирип барсам жаңы сатуучу кыз келиптир. Көркөмү көзгө толгон сулуу кыз экен. Соодамды кылып чыгып кеттим. Эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, кабынан козголгондой болду. Бир көрүп сүйүү дегенге ошондо ынандым. Ал дүкөнгө күндө кирбесем көңүлүм жай албайт. Таанышуунун амалын таппайм. Ашыкча сөз айтууга дареметим жетпей чыгып кете берем. Бир күнү "таанышам" деп өзүмө сөз берип кирип бардым.
Окуяны толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, видеодон көрүңүз.