Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанга Кореянын маданият ассоциациясынын "Ардактуу кеңешчи" наамы эки элдин маданиятын бири-бирине таанытууга кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Элчиге ыйгарылган наамдын күбөлүгүн аталган ассоциациянын президенти Жоң Жэ-мин 1-августта элчи Кылычбек Султан менен болгон жолугушууда тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты.
Элчи менен ассоциация президенти жолугушуу учурунда маданият алкагында өз ара тыгыз кызматташууну сүйлөшүштү.
Ошондой эле эки өлкө ортосундагы маданият байланыштарын бекемдөөгө түрткү берүүчү расмий жана маданий иш-чараларын өткөрүүдө элчиликке максималдуу көмөк көрсөтүү тууралуу да макулдашышты.