III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда билеттин баасы 400 сомдон 5000 сомго чейин жетет

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда билеттин баасы 400 сомдон 5000 сомго чейин жетет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштурууга даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюндарга билеттерди сатуу жагдайы тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө билеттер үч шаарда - Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылууда. Ошондой эле башка аймактагы каалоочулар үчүн билет сатып алууга мүмкүн болгон расмий мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Билеттердин баалары 400 сомдон 5000 сомго чейин болот. Учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине 3 миңге жакын билет сатылды. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттердин бардыгы бирдей шартта сатылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
daniyar93
2018-08-01 23:29:27
Бюджеттен Ушунча Расход кылып Откоруунун Кереги жок Андан коро ушул акчаны Башка нерсеге Коротсок болбойт беле?
+8
Rifle_I
2018-08-02 08:53:29
daniyar93,
Мектеп курсак болот. Айылдарда жолдорду оңдосок болот. Спорт залдарды куруп балдарды таза жашоого үндөсөк болот. Жеке ишкердерге проценти жок акча берип турсак болот, жумушчуларды ал деп. Негизи пайдалуу тармактарга салсак болот, болгону биздин жепжутарлардын мээси жок болсо эмне кылышмак эле ?
+2
Chagylgan1
2018-08-01 23:35:54
Соке менен Абулгазиев Атамбаевдин коррупциялык кочун улантып жатышат.....
+2
orxidey
2018-08-02 00:48:54
Кимге кереги бар ушунча расходун же булда бизнесби...
+3
O.dembele
2018-08-02 01:59:49
Ээээ карыздан кутулгулачы,карызды унутуп калган окшойт
+4
Bekturbek
2018-08-02 03:51:24
Эл кандай болсо,бийлик башындагыларда ошондой болот!!!Эл-журт өзүбүздү оңдойлучу анан жогорудагылар өңолот!!!
-1
Chagylgan1
2018-08-02 09:21:34
Bekturbek, балык башынан сасыйт дейт, биринчи жогор жакты ондоо керек...

+2
Rasul94
2018-08-02 14:46:19
Bekturbek,сага окшогондор ушинтип жакшы корунуп отура берет.чындыкты айткандан коркпочу олуп баратсан деле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан