"Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бул тармактагы мамлекеттик органдардын функцияларын координациялоо керек" дейт биринчи вице-премьер

"Бүгүн суу ресурстарын комплекстүү башкаруу маселеси зор актуалдуулукка ээ. Өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бул тармактын саясатын ишке ашыруу менен түздөн-түз алектенген мамлекеттик органдардын функцияларын координациялоо керек", – деп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тегерек столдо билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, планетада климаттын жылышына жана тузсуз суу камынын азаюусуна байланыштуу глобалдык тенденцияларды эске алуу менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

"Эл аралык эксперттердин баалоосу боюнча климаттын жылышы мөңгүлөрдүн бетинин кыскарышына алып келет, алардын аянты 2025-жылга карата 30-40 пайызга кыскарышы мүмкүн. Биздин өлкө бир кыйла жаратылыш ресурстарына ээ, анын ичинде жер жана суу ресурстары. Тоо мөңгүлөрүндө тузсуз суу камы 650 километр куб деп бааланат. Өлкөдө 3000ге жакын дарыя жана булактардын жалпы жылдык агымы 47 километр куб, биз алардын 20 пайызга жакынын гана колдонобуз", – деди ал.

Кубатбек Боронов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өкмөттүн кароосуна иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан