Украинанын Киев шаарында 70 адам шаурмадан ууланды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, акыркы 3 сутка ичинде Киев шаарындагы ооруканага ичеги-карын оорусу менен кайрылгандардын саны 70ке жеткен. Бейтаптар шаурма жегенден кийин уулануунун белгилерин байкаганын айткан. Алардын арасында балдар дагы болгон. Учурда шаурмадан уулангандардын 60ы ооруканада болсо, калгандары үйүнөн дарыланып жатышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Тыва Республикасында 187 адам шаурмадан ууланган.