Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи элчиси Сергей Руцкий каза болду

Юлия Руцкая ата-энеси менен.Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Руцкий каза болду. Бул тууралуу маалыматты аталган өлкөнүн элчилигин маалымат кызматынан таратышты.

Маалыматка караганда, Руцкий 1-августта Беларустун борбору Минск шаарында көз жумган.

Ал 1992-1993-жылдары Беларус Республикасынын министрлер кеңешинин Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлү болгон. 1993-1995-жылдары болсо аталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган.

Ошондой эле Сергей Руцкий эстрада ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын атасы.

Руцкая "Супер Инфо" гезитине берген маегинде атасы тууралуу айтып өткөн. "Мен Беларустун Витебск шаарында төрөлгөм. 5 жашка чыкканда атам жеңил өнөр жай министри болуп дайындалып, үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Кийин ал Беларустун Кыргыз мамлекетиндеги элчиси болуп калды", - деген ал.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Юлия Руцкаянын атасы каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_media
2018-08-02 11:15:32
General.kg, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт! Порталдын эрежелерин окуп чыгууну сунуштайбыз! 5 күнгө БАН!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан