Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Сейил" кум жээгинде көлгө чөгүп кетти делген жигит аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
"Балыкчы шаарындагы "Сейил" кум жээгинде көлгө чөгүп кетти деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сууга чөкпөгөндүгү аныкталды. Ал бүгүн, 2-август күнү саат 10:00 чамасында аталган кум жээктеги боз үйлөрдүн биринен аман-эсен табылган", - дейт маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, 1-август күнү саат 00:50дө "Сейил" кум жээгинде 23 жаштагы Б.А. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.