Бишкек шаарында июль айынын 15 күнүндө туура эмес жайга токтотулган 254 унаа эвакуацияланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалыктан билдиргендей, июнь-июль аралыгында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын иликтөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарында эвакуациялоо иштери токтотулган.
"Бишкек шаарында 13-июнь - 15-июль аралыгында эвакуациялоо иштери убактылуу токтотулган. Анткени кассалык аппараттар жана бардык иш кагаздар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында болчу. Алар "пара алуу" беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Азыркы тапта кассалык аппараттар кайтарылып, туура эмес жайга токтотулган унааларды эвакуациялоо иштери уланууда. Күн сайын Бишкектин көчөлөрүндө 5 эвакуациялоо унаасы иш жүргүзүп жатат", - деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, Бишкекте туура эмес жайга токтотулган унааларды эвакуациялоо 2018-жылдын 10-январында башталган. Анда мыйзамсыз токтотулган унаага инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, андан соң айып төлөөчү жайга жеткирилет. Унаанын ээси туура эмес токтоткондугу үчүн 1000 сом төлөйт. Бул сумма бюджетке түшөт. Унааны ордунан жылдырып, айып төлөөчү жайга алып барган чыгымды, унаанын ээси "Портал групп" компаниясына төлөп берет. Анын суммасы 1350 сом.