"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан ди-джейлердин тизмесин жарыялады

Америкалык "Forbes" журналы эң көп киреше тапкан ди-джейлердин тизмесин жарыялады. Мындай маалыматты чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, эң көп киреше тапкан ди-джей деп шотландиялык музыкант жана продюсер Келвин Харис (Адам Ричард Вайлс) табылган. Анын жылдык кирешеси 48 миллион долларды (3 миллиард 264 миллион 960 миң сом) түзгөн. Ал мындай каражаттын тең жарымынан көбүн чет өлкөлөрдөгү музыкалык фестивалдан жана ырчы Рианна менен жаздырган чыгармасынын сатылышынан тапкан. Белгилей кетсек, Келвин Харис муну менен 6-ирет катары менен көп каражат тапкан ди-джей аталды.

Ал эми бир жылда 45 миллион 500 миң доллар (3 миллиард 94 миллион 910 миң сом) каражат тапкан "The Chainsmokers" тобунун ди-джейлери экинчи саптан орун алган. Андан кийин нидерланддык ди-джей Tiesto 33 миллион доллар (2 миллиард 244 миллион 660 миң сом) киреше таап, үчүнчү саптан орун алган. Андан кийинки саптан Стив Аоки 28 миллион доллар (1 миллиард 904 миллион 560 мин сом), Marshmello 23 миллион (1 миллиард 564 миллион 460 мин сом), Zedd 22 миллион (1 миллиард 496 миллион 440 мин сом) жана башкалар орун алган.

Белгилей кетсек, "Forbes" - дүйнөлүк атактуулардын жылдык кирешесин аныктоочу ири журнал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-08-02 15:49:28
David Guetta анча иштей албаптыр да ))),Kalvin Harris тин да ырлары хит бирок!!!Zedd орустардан чыккан ди джей.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан