ЖЫЛНААМА, 3-АВГУСТ: Эл аралык дарбыз күнү. Дүйнөдө дарбыздын миңден ашык сорту өстүрүлөрүн билчү белеңиз?

Жыл сайын 3-августта дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө дарбыз күнү белгиленет. Дарбыз майрамын белгилөө Америкада башталып, учурда бул датага Кытай да чоң маани берет. Бул өсүмдүк америкалыктарда жаратылышка чыгып эс алуу үчүн негизги азык катары пайдаланылса, Кытайда конокко алып барууну көпчүлүгү салтка айландырган.

Кытайга бул жашылча XX кылымда соода кемелери аркылуу алынып келген. Ошондон тартып эле алар дарбызга маани берип, аны көпчүлүк дыйкандары өстүрүшөт. Чаңкоону баскан ошол эле учурда калориясы төмөн болгон дарбыздын күнүн белгилөөнү ким демилгелеп, бул дата кабыл алынып калганы жергиликтүүлөр үчүн белгисиз.

Интернет булактарындагы маалыматтарга ылайык, дарбыздын мекени болуп Түштүк Африкадагы Калахари аралы эсептелинет. Аталган аралдан ушул күндө да жапайы дарбыздарды кезиктирүүгө болот.

ДАРБЫЗ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

* Дарбыз - 92 пайыз суудан туруп, жайдын аптаптуу ысыгында чаңкоону басуучу бакча өсүмдүгү. Анда кальций, магний, натрий жана калий бар болгондуктан адамдын денесинин кургап, өзү суусап кетүүсүнөн көпкө чейин сактайт.

* Дүйнөдө дарбыздын 1200 сорту бар.

* "Гиннесстин рекорддор китебине" эң чоң дарбыз катары америкалык Крис Кент өстүргөн салмагы 159 килограммды түзгөн дарбыз кирген.

* Төрт бурчтук дарбыздарды мындан 40 жыл мурун япониялык дыйкандар өстүрө баштаган. Адегенде дарбыз мөмөсүн байлаган учурда калыпка салып, ал ошол калыпта бышат. Япон дыйкандары дарбызды жыюуга ыңгайлуу болушу үчүн төрт бурчтук кылып өстүрүүнү ойлоп табышкан. Бүгүнкү күндө жүрөктүн формасындагы, пирамида жана башка формадагы дарбыздар өстүрүлөт. Аларды белекке берүү үчүн сатып алышат.

* Вьетнамда жаңы жыл майрамын белгилөөдө майрамдык дасторконго сөзсүз дарбыз коюлат. Вьетнамдыктар кызыл түстү ийгилик менен байланыштырышат.

* Дарбызга арналган эстеликтер дүйнөнүн бир нече шаарына коюлган.

* Дарбыз климаты жылуу болгон 100гө жакын өлкөдө өстүрүлөт. Кытай жылына 63 миллион тонна дарбыздын түшүмүн алып, аны эң көп өстүргөн өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Андан кийин Түркия, Иран, АКШ, Бразилия, Өзбекстан, Мексика жана башка мамлекеттер кирет.

* Бышкан дарбыздын сабагы кургак болот жана аны чертип көрсөңүз көңдөй нерседен чыкканга окшогон үн чыгат.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ:

  • Ширеси бөйрөктөгү таштарды эритип, өттөгү уулуу заттарды, денедеги шлактарды айдап чыгат. Бул үчүн 4-5 күн ач карын 2 килограммдан жеш керек (2 маал: эртең менен жана кечинде).
  • Заң чыгарууну жакшыртат.
  • Шишик, цистит, жүрөк-кан тамырларга, унутчаактык ооруларына дары.
  • Жоон ичегинин сезгенүүсүндө жардамы чоң. Бул үчүн 80-100 грамм кургатылган дарбыздын кабыгынын үстүнө 500 миллилитр кайнак суу куюп, муздаганга чейин тыныктырган соң жарым стакандан күнүнө 4-5 жолу ичилет.
  • Кош бойлуу аялдар үчүн эң пайдалуу. Ал түйүлдүктүн нерв клеткаларынын калыптанышына өтө чоң жардам берет жана батыраак боюна бүтүрүүгө таасири чоң.
  • Дарбыздагы фолий кислотасы зат алмашууну жөнгө салат.
  • Арыктоо үчүн 10 күндүк диетага отуруңуз. Бул күн аралыгында дарбыздан башка эч нерсе жегенге болбойт. Ал эми ачкачылыкка чыдабагандар кара нанды аралаштырса болот.
  • Ширеси теринин өңүн жакшыртып, бырыштарды жазат. Бетке маска кылып жабыш үчүн кебезди ширесине малып же жемишин майдалап алып, бет менен моюнга 15 мүнөт жабыңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп, артынан муздак суу менен чайкаңыз.

3-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан