Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Бишкектин мэри атаандаштык менен ачык-айкын шайланышы зарыл"

Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталы "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Анын айтымында, жарандык коомдун пикири шаардагы көптөгөн жашоочулардын көз карашы болуп эсептелет.

"Эгерде Бишкек шаарынын мэри ачык-айкын, атаандаштык аркылуу шайланбаса, анда мэр эч убакта жашоочулардын кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Аларды мэрликке ким сунуштаса, ошолорго кызмат кылат. Азырынча мэрди шайлоону кийинкиге жылдыруу керек. Каалагандар шайлоого катышсаңар болот деп партиялардын, шаардыктардын жылдыруусу аркылуу атаандаштык менен ачык-айкын шайлоо өткөрүү зарыл", - деди Жээнбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев, саясат таануучу Эмил Жураев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан