Социалдык тармактарда газды ачууга үндөгөн аял менен баланын маеги тароодо

Социалдык тармактарда газды ачууга үндөгөн аял менен баланын маеги тароодо. Маекте өзүн газ кызматынын кызматкеримин деп тааныштырган аял баланы газдын бурамасын бурап, газды коё берүүсүн сураганын угууга болот. Газ ачык калган учур ар түркүн кырсыктарга: жарылуу, өрттөнүү же ууланууга алып келүүсү мүмкүн. Бул тууралуу "Газпром-Кыргызстан" компаниясына кайрылганыбызда, алар төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Социалдык тармактар аркылуу жаш бала менен аялдын ортосундагы аудио-маектин тарап жатканына байланыштуу "Газпром" компаниясы мындай жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана ата-энелерди балдарына жакшылап көңүл буруп, көзөмөлдөөгө чакырат.

Газ кызматынын адистери техникалык тейлөөлөрдү алдын ала эскертүү менен гана жасашат. Алар атайын униформада жана колунда күбөлүгү болушу шарт. Бардык оңдоп-түзөө иштери кызматкерлердин катышуусунда болуп, эч качан телефон аркылуу аткарылбайт. Техникалык иштер 6 айда бир жолу же абоненттердин чакыруусу менен гана жүргүзүлөт. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды интернет аркылуу таратуудан сактанууңуздарды өтүнөбүз".

Ушул сыяктуу жагдайга күбө болгон учурда тийиштүү органдарга же 104 номерине кайрылыңыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
stimyl.kg
2018-08-03 22:59:18
Терроризмдин тамыры жайылып турганда,мындай нерселер албетте арбир адамдын үшүн алат. Фанаттык,радикалдык көзкараштагы абал терроризмдин куралы,ошондуктан азыркы кезде өтө эле фанат болгондордон өзүнүн айтканын бербеген,кимдир бирөөлөрдү пир туткандардан этиат болгула.
+10
zhaku2017
2018-08-04 00:42:05
stimyl.kg,
Туура кошулам. Жанагы озунун сокур оюн бербеген фанаттардан баарын кутсо болот. Булар оздорунун кылган иштерин туура, идея учун жасап жатабыз деп эсептешет.
+7
nemo2016
2018-08-04 07:07:45
stimyl.kg,динден кабарын жок болгонун учун оюна жаман ойлор келет
-2
admin_superstan
2018-08-04 10:21:01
nemo2016, zhaku2017, muni.98-98, темадан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар. Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан