Орусияда кыргыз келин 9 ай мурун аты-жөнү өзгөртүлүп балдар үйүнө берилип кеткен кызын кайтарып алды

Орусиянын Москва шаарында кыргыз келин 9 ай мурун аты-жөнү өзгөртүлүп балдар үйүнө берилип кеткен кызын кайтарып алды. Бул тууралуу 2-августта Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, Б.Р. аттуу кыргыз келин 2017-жылдын 19-октябрында Москвадагы төрөт үйлөрдүн биринде кыз төрөгөн. Бирок бир күндөн кийин кыргыз келин кургак учукка каршы Москва шаардык илимий-тажрыйбалык борборго которулуп кетип, кызы шаардагы №6-балдардын инфекциялык клиникасына которулган. Б.Р. ооруканада жатып кызынын жанында боло албагандыктан кызга №6-клиникасы тарабынан "баланы энеси таштап кетти" деген документ даярдалып, башка эле ат менен күбөлүк берилип, балдар үйүнө өткөрүлүп кеткен.

Кыздын апасы ооруканадан чыккан соң элчиликке кайрылып, элчиликтин юристи менен бирге Москва шаарындагы райондук сотко баланы кайтарып алуу боюнча арыз беришкен.

31-июлда райондук сот баланын күбөлүгүнө өзгөртүү киргизип, баланы өз энесине кайтаруу боюнча өтүнүчтү канааттандырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolkun555
2018-08-02 21:03:08
Жакшы болуптур.ар бир бала ата-энеси менен бактылуу
+33
Merelisha
2018-08-02 21:03:57
Мынча сонун.
+23
zzz---zzz
2018-08-02 21:40:53
Аллахка мактоолор болсун, ар бир бала ата энеси менен болсун.
+29
aman0296
2018-08-02 22:35:41
Жаман ойлоп кетсе, корсо оору менен курошуп жургон турбайбы.
+24
raykray
2018-08-03 01:04:24
Кубанычтуу кабар! Адвокатка данк!!!
+11
Gulnyr19
2018-08-03 03:06:24
Менда жаман ойлопмун эне баланы эч качан ажыратпасын Аллахым бактылуу болгула. Атасы жокпу дейм
+5
kgstan2014
2018-08-03 09:18:27
Омурун берсин жакшы кабар!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан