Бүгүн, 3-августта өкмөттө жаңы окуу жылына карата даярдыктар тууралуу жыйын өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышат. Чогулушта билим берүүчү мекемелердин көйгөйлөрү талкууланат. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-2019-жылга иш-пландары тууралуу кенен маалымат берилет.
Мындан тышкары, анда калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системин өнүктүрүү боюнча 2019-2020-жылдарга пландалган өкмөттүн программасы тууралуу дагы сөз болот.