Ысык-Көл облусунда 6 жаштагы кызды зордуктаган 16 жаштагы шектүү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Шектүү Жети-Өгүз райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми жабырлануучу кыз ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, 28-июлда Жети-Өгүз РИИБине болжол менен саат 20:00 чамасында аталган райондогу айылдардын биринде зордуктоо фактысы катталганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 6 жаштагы кыз 16 жаштагы кошунасы тарабынан зордукталганын аныкташкан.