Канадалык Рик Женест, көпчүлүккө Zombie Boy каймана аты менен таанылган модель каза болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, 32 жаштагы моделдин жансыз денеси Монреалдагы үйүнөн табылган. Полиция кызматкерлери модель суицидге барганын айтышкан. Анын жакындарынын айтымында, Рик Женест психикалык жактан жабыркап келген.
Белгилей кетсек, Рик Женест "Гиннесстин рекорддор китебине" денесинде сөөктүн жана курт-кумурскалардын татуировкасы эң көп тартылган адам катары кирген. Ал эми 15 жашында баш мээсиндеги шишикти алдырткандан кийин "Zombie Boy" деген атка конгон.
Рик Женест америкалык ырчы Леди Гаганын "Born This Way" клибине тартылгандан кийин анын атактуулугу арткан.