Бүгүн, 4-август - Сүйүүнүн, романтиканын, Жаңы жыл майрамынын, дегеле дүйнө элинин жакшылыктарынын жандоочусуна айланган шампан күнү. Бүгүн бул ичимдиктин пайда болгонуна 350 жыл болду. Дээрлик үч жарым кылымдык тарыхка ээ шампан тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.
ШАМПАНДЫ ЧИРКӨӨНҮН КЕЧИЛИ ОЙЛОП ТАПКАН
Шампандын мекени Франциянын тарыхый Шампань облусунун Отвильер кыштагы. Бул кыштактагы чиркөөнүн чарбасын жетектеген адамдын уулу, кечил Пьер Периньон чиркөөнүн кампасынан бир ичимдикти көрүп таң калган. Анда идишке куюлган ичимдиктен көбүктөр быжылдаган үн менен өйдө көтөрүлүп барып жарылып турган. Периньонго ал жандуу, тирүү суусундуктай сезилген. Ал ичимдик азыркы заманбап шампандын эң алгачкысы болгон.
Андан 50 жыл өткөндөн кийин 1718-жылы гана атайын технология менен даярдалган шампандар чыгарылган. 10 жылдын ичинде бул ичимдикке кызыккандар көп экени байкалган соң 1729-жылы эң алгачкы шампан чыгаруучу "Рюинар" фирмасы негизделген.
Шампан 19-кылымдын аягынан тартып дүйнөдөгү популярдуу ичимдикке айланган. Андан кийин көп өлкөлөр бул суусундукту өздөрү чыгара башташкан. Алардын арасында мыкты шампан-шарап даярдоо боюнча Орусия көп жетишкендиктерин көрсөткөн. Бирок Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Франция бул боюнча жаңы мыйзам кабыл алган. Анда Франциянын Шампань аймагында тиешелүү эрежелер менен өндүрүлгөн ичимдик гана шампан деп атала турганы жазылган.
ШАМПАНДЫН ЭМЕНДЕН ЖАСАЛГАН КАПКАГЫ 12 МЕТР БИЙИКТИККЕ ЧЕЙИН УЧАТ
* Шампандын бөтөлкөсүнүн капкагын эмен дарагынын кабыгынан жасоону Пьер Периньон өзү сунуштаган. Анын бул идеясы бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылып келе жатат.
* Шампандын жыгач капкагынын сыртына оролгон фольганы алгачкы өндүрүүчүлөр ал сакталган жер төлөдөгү келемиш-чычкандардан сактоо үчүн орошкон. Ал бүгүнкү күндө көнгөн адат боюнча оролуп келе жатат.
* Шампандын капкагын кармап турган зым "мюзле" деп аталат. Анын жалпы узундугу 52 сантиметр.
* Шампанды ачарда бөтөлкөнү бир азга күн тийген жерге коюп, аны жакшылап чайкаса анын пробкасы 12 метр бийиктикке чейин ыргыйт. Пробканын бул учурдагы ылдамдыгы саатына 40 чакырымдан жогору.
* Бир бөтөлкө шампанда 49 миллион көбүк бар.
ШАМПАН ИЧҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
* Шампанды 7-12 градус температурада ичүү зарыл. Өтө муздатылган ичимдик даамын өзгөртөт, жылуу болсо сергитүүчү кызматы азаят. Шампанды муздатуунун эң туура жолу - муз салынган чакага салып коюу.
* Шампан астыңкы бөлүгү узун, жука бокалга куюлат. Бул ага колдун ысыгы өтүп, даамынын өзгөрүп кетүүсүнөн сактайт.
* Аялдар шампан ичерде эриндерине коюлган эндикти өчүрүп салганы оң. Анткени эндиктин курамындагы заттар ичимдиктин даамын өзгөртүп жиберет.
* Шампандын капкагынын мүмкүн болушунча катуу учуусун жана ичимдиктин күч менен атылуусун шарттап ачуу туура эмес. Шампанды акырын эле ачуу менен сиз андагы көмүр кычкыл газы менен амин кычкылдыктарын сактап каласыз. Шампан жөнүндө билгендер аны эч качан катуу күүлөп ачышпайт.
* Шампанды шарт көтөрүп ичүүгө болбойт. Андагы көбүктөрдүн жандуулугуна көңүл буруп ичкен адам анын ырахатын толук көрөрүн сунушташат өндүрүүчүлөр.
4-августка карата жылнаама.