Ошто июль айында 672 турак жай камсыздандырылды

Ош шаарында июль айында 672 турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу мэриянын турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктан сактоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча 3-августтагы жыйында айтылды.

Жыйынга биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Ош шаары жана Ош облусу боюнча филиалынын өкүлдөрү катышты.

Аталган уюмдун маалыматына караганда, шаардын аймагында жайгашкан турак жайлардын жалпы саны 56 миң 593. Алардын ичинен 2017-жылдын август айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин камсыздандыруу полисин алгандардын саны 9 миң 446.
Ал эми июль айында 672 турак жай камсыздандырылса, алардын 192си (согуш ардагерлери, I, II топтогу майыптар) 100 пайыз акысыз, 55 үй (III топтогу майыптар) 50 пайыз төлөм менен камсыздандырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан