Мечит жана медреселерде өрткө каршы машыгуулар өтөт

Өлкө аймагындагы мечит жана медреселерде өрткө каршы машыгуулар өтөт. Мусулмандар дин башкармалыгынан 3-августта кабарлашкандай, муфтий Максатбек Токтомушев тийиштүү буйрукка кол коюп, машыгууларды өткөрүү боюнча тапшырма берди.

Кол коюлган буйрукка ылайык, өрттү болтурбоо үчүн кургак жайлардын айланасын тазалоо, өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү, керектүү жабдыктардын болуусун камсыздоо жана ыктыярдуу кошуундарды түзүү тапшырмасы каралган.

Буйрукта муну менен катар элдик кошуундар жана тургундар менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча машыгууларды өткөрүү каралып, ӨКМ жана өрт өчүрүү кызматтары менен биргеликте иш алып баруу тапшырмалары камтылган.

2018-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкектеги Махатма Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечитте өрт кырсыгы катталган. Кырсык электр жабдыктарынан тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
i1urp
2018-08-03 15:29:35
Мечиттердин коптугунон баш айланат. Мечиттерди кобойтпой чакан ишканаларды салышпайбы жаштарды жумуш менен камсыз кылып. Жаштардын баары жумушсуздуктун айынан туулган жерип таштап кетип жатышат.
0
sinej
2018-08-03 15:49:07
Азыр мечиттерге барсан молдолордун оозунан тигил харам, бул арам, куноо дегенден башка эч нерсе билишпейт. Булардын созун угуп отурсан эмне болуп башын айланып калганын билбей каласын. Кооз суйлоп, динди мактап, калгандарын жамандай берип жаштардын психлогиясын башка багытка буруп, арабташтырууга аракет кылышат.
0
erlan2196
2018-08-03 17:33:49
Арабтар оздорунун каада салтын, жашоо эрежелерин мечит, медреселер аркылуу жайылтып жатышат. Мечит, медреселерде арабдартын каада салтын биздин сакалчандар жаштардын ан сезимине болушунча мактап синирип жатышат. Мечит, медреселер менен байып да жарып да кетпейбиз. Болгону арабтардын кооз жомокторун, идеяларын элестетип, озубузду озубуз алдап кун откоруп журо беребиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан