ЖЫЛНААМА, 4-АВГУСТ: Өспүрүм кезинде балмуздак сатып иштеген АКШнын 44-президенти Барак Обама 57 жашка чыкты

АКШнын 44-президенти Барак Обама (толук аты-жөнү Барак Хуссейн Обама II) 57 жашка чыкты. Ал 1961-жылы 4-августта Гавайи штатында туулган. Атасы Кениядан Америкага келип, ата-энеси ал эки жашында ажырашып кетишкен.

Мектеп жылдарында баскетболго аябай кызыгып, ал тургай "Пунахау" командасынын курамында штаттын чемпиондугун да жеңип алган. Өзүнүн мемуарында мектептеги акыркы жылдарында марихуана жана кокаин да колдонуп көргөнү жазылган.

1983-жылы эл аралык бизнес корпорациясында финансылык маалымат бөлүмүнүн редактору болгон. 1988-жылы Гарвард университетине тапшырып, университеттин "Harvard Law Review" басылмасынын тарыхында биринчи жолу кара редактор болгон. Бул көрүнүш дагы бир жолу кайталанып, АКШнын тарыхында биринчи жолу кара президент болуп келген.

2008-жылы 4-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Шайлоонун жыйынтыгында АКШнын "Демократиялык партиясынан" Барак Хуссейн Обама II 2072 добуш менен жеңишке жетип, 2009-жылдын 20-январынан тарта өлкө башчылык кызматына киришкен. Президенттикке эки жолу шайланып, 2017-жылдын 20-янврына чейин АКШны башкарып турган.

Барак Обама АКШнын тарыхындагы эң биринчи афроамерикалык президент болуп саналат.

"Нобель", "Грэмми" сыйлыктарынын ээси, кийинүү стили Америка жаштары үчүн үлгү болгон Барак Обама тууралуу кызыктуу маалыматтар:

* Барак Обама бир нече китептердин автору. "Атамдын кыялдары", "Үмүттүн чечкиндүүлүгү" китептери АКШда бестселлерге айланган. Өткөн жылы китептерин сатуудан жубайы Мишель Обама экөө 4 миллион доллардан ашуун каражат тапкан.

* Күн сайын улуу кызына Гарри Поттер тууралуу китептерди окуп бергендиктен, ал жөнүндө бардык китептерди окуп чыккан.

* Кариб аралындагы Антигуа жана Барбуда мамлекеттеринин бийлиги Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен соң анын урматына андагы эң бийик чокуга ысымын ыйгарышкан.

* Өспүрүм кезинде "Baskin-Robbins" балмуздак түйүнүндө иштегендиктен балмуздакты жактырбайт.

* Мишель Обаманын айтымында, Обама абдан романтик, дайыма гүл тартуулап турат.

6* Барак Обама индиялык Махатма Ганди, америкалык Авраам Линкольн, Мартин Лютер Кинг сыяктуу адамдарга окшогусу келерин билдирген.

* 2006-жылы Обама китебинин аудиоверсиясы үчүн "Сүйлөшүү жанрындагы мыкты альбом" номинациясында "Грэмми" сыйлыгын алган.

* Жөргөмүш-адам (Человек-паук) тууралуу комикстерди чогултат.

* Барак Обамада Мухаммед Алинин кол тамгасы түшүрүлгөн боксёр мээлейи бар.

* Массалык маалымат каражаттардын билдиришинче, Барак Обама менен актёр Брэд Питтин туугандык жайы бар. Тарыхый гендик изилдөө жүргүзгөн коомдун айтымында, Питт менен Обаманын 9-аталары тууган болушкан.

* Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен табылган жалпак мите курттардын жаңы түрүнө Барак Обаманын ысымы ыйгарылып, ал "Baracktrema obamai" деп аталган.

Жеке турмушунда жубайы Мишель Обама менен 1992-жылдан бери түтүн булатып келишет. Түгөйлөрдүн ортосунда Малия Энн Обама жана Наташа Обама ысымдуу кыздары бар.

4-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Talantchik
2018-08-04 09:48:50
Мына кызык балмуздак сатканы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан