Экономика министрлиги Салык кодексине өзгөртүү киргизүү менен сатуудан алынуучу салыкты жогорулатуу маселесин кароодо. Салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу боюнча документ бүгүн, 3-августта интернетте тараган.
Экономика министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, бул маселе боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле басма сөз кызматы бүгүн салыктын көтөрүлүшү боюнча коомчулукка толук маалымат айтыла турганын кабарлады.